Өткөн аптанын соңунда Каныбек Иманалиевдин Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы көпчүлүктү таңгалдырууда. Айрыкча социалдык түйүндө анын карьералык жүрүшүн колдогондор, ага удаа сындагандар эки тарап болуп, айрымдар Президенттин айкөлдүгүнө таң беришүүдө. Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышына депутат болгон Каныбек мырзада тажрыйба жагында кеп жок. Кечээ парламенттин тийиштүү комитети да анын талапкерлигин бир добуштан кош-колдоп кубатташты. Эми каарманыбыз тилине жараша ишти аркаласа, жыргатты го?..