Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 өспүрүм каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркаган.
Куткаруучулар жеткенге чейин 4 адамды «Тез жардам» кызматы Кара-Көл шаардык ооруканага алып кетишкен, ал эми кыпчылып калган 1 адамды куткаруучулар чыгарып ооруканага алып барышкан. Абалдары оор.
Ооруканадан 2006-жылы туулган эки өспүрүм, К.М. жана К.Э. каза болушкан.