"Эркин-Тоо"

Кара-Кечеде айдоочуларга эмне себептен көмүр берилбей жатат?

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы  эмне себептен Кара-Кечеде айдоочуларга көмүр берилбей жатканын түшүндүрдү. Аталган ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотбекованын айтымында, көмүрдү ташып саткан менчик айдоочуларга берилчү жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.

«Көмүр казылгандан кийин транспорт жүрүүчү жолдорду тазалоо керектелет. Мындай жумуш дайыма жасалат, аны айдоочулар өздөрү да  жакшы билишет. Тазалоо иштери бир жумага созулат», — деди Жийде Зоотбекова.

Ал мындан тышкары учурда ЖЭБке көмүр 3 000 сомдон жөнөтүлүп жатканын айтып, тазалоо иштери аяктаган соң айдоочуларга көмүр берилерин билдирди.

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!