Кара-Суу районунун Большевик айылында Айыл чарба министрлигинин аймактык өкүлчүлүгү жана «Фермерлерди тейлөө борбору» ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жаңы борбор аркылуу түштүк аймактын дыйкан-фермерлерине мамлекеттик кызматтар жеринде көрсөтүлүп, агрардык маселелер «Бир терезе» принциби менен ыкчам чечилет. Бул фермерлерге убакытты үнөмдөөгө жана чыгымды азайтууга шарт түзөт.
Борбордо министрликтин бардык ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барып, агротехнология, суу пайдалануу, кайра иштетүү, субсидиялар жана мамлекеттик программалар боюнча кеңеш берет.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин айтымында, бул демилге мамлекет менен фермердин ортосундагы байланышты бекемдеп, айыл чарбасындагы ишти натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

