"Эркин-Тоо"

Кара-Суу районунда 40 млн сомдук айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

Кара-суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө 40 млн сомдук айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча Нариман айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы 0,70 га жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталып, жыйынтыгы менен жер тилкесине болгон укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен жер тилкесине жеке менчик укукту тастыктаган иш кагаздар жокко чыгарылып, прокурордун талап кылуусунун негизинде 40 млн 250 миң сомдук 0,70 га жер тилкеси Нариман айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!