"Эркин-Тоо"

Караколдо ишкананын кароолчусу тоноочунун курмандыгы болду

Каракол шаарында ишканалардын  биринде түн ичинде кароолчу сабалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июнда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын ишканалардын биринен кабар түшүп, анда түн ичинде белгисиз адам ишкананын аймагына кирип, кароолчуну сабап, пневматикалык мылтыгын тартып алгандыгын билдирилген.

Окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу аталган ишкананын 62 жаштагы кароолчусун суракка алышкан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 5-июндан 6-июнга караган түнү болжол менен саат 03.00дөн 04.00гө чейин аралыкта ал уктап жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирген. Аны ойготуп, өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү катары тааныштырып, бөлмөнү тинтүүгө алган. Керебеттин матрасынын астынан пневматикалык мылтыгын таап, мылтыктын кундагы менен кароолчуну уруп-сабай баштаган.

Белгисиз адам кароолчуну сабагандан кийин, анын пневматикалык мылтык жана окторун алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, ур-токмокко алынган карыя кароолчу милиция кызматкерлерине түнкү тоноочуну өзгөчө сүрөттөй алган жок.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси боюнча (Тоноо) кылмыш иши козголгон.

Жакында Каракол ШИИБдин «Жыргалаң» шаардык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал мурда соттолуп, шарттуу түрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну И.З. болуп чыкты. Суракта шектүү жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, андан далил зат катары пневматикалык мылтык алынды.

Каракол шаардык соттун чечими менен, шектүүгө тергөө жүрүшүндө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!