Курулуш министрлиги кабарлагандай, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2024-жылы башталган жана долбоордун жалпы наркы 70 миллион сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 950 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Курулуш-монтаждоо иштерин “ЭКАРАС-5” жоопкерчилиги чектелген коому аткарып, процессти Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп жатат.