"Эркин-Тоо"

Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган базарлардын ээси узак мезгил аралыгында базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!