"Эркин-Тоо"

«Карт бузулат, сак болгун…»

БҮГҮН БИЗГЕ ЭМНЕ ЖЕТПЕЙТ? Ченемсиз жер алдындагы кен байлыктар, жер үстүндөгү бүтүндөй адамзатты суктандырган жаратылышыбыз, дүбүртү дүйнө жаңырткан төрт түлүк мал, Борбордук Азияда зор потенциалдуу энергоресурс, анан да эң негизгиси, тилин таап сүйлөшсөң үстүндөгү акыркы көйнөгүн чечип берүүгө даяр турган кең пейил Кыргыз Элибиз бар. “Күндүн табы болбосо, өсүп гия чыгабы, элдин камы болбосо, эр азамат чыгабы” демекчи, элдин камын ойлобой туруп мамлекеттик кызматка келүүнүн өзү жаңылыштык экенин бизге отуз жылдык эгемен турмушубуз далилдеди. Тарыхты барактап отуруп өз элине, мамлекетине өмүрүн арнап, ак эмгек кылган улуу инсандарды кезиктирүүгө болот. Франциянын Президенти маркум Шарль Де Голль эң оор күндөрдө элдин арасынан татыктууларды тандап чыгып кызматка койордо, батынып макул болгонун да, жоопкерчиликтен коркуп баш тартканын да, “сени мен кызматка чакырып жаткан жокмун, Франция, бүтүндөй француз эли ишенип жооптуу ишке чакырып жатат” деп дайындачу экен. Бүгүн биздин Республикада мамлекеттик кызматта иштеп жаткандар да мына ошол жоопкерчиликти, бүтүндөй Кыргыз Элинин назарында экенин түшүнүүгө милдеттүү.

ДЕ ГОЛЛЬ ДЕМЕКЧИ, Францияга элүү жыл ак эмгегин арнаган бул улуу инсан өмүрүнүн аягына чейин жеке менчик үйү жок, Франциянын Елисей сарайынын бир бөлмөсүндө убактылуу жашап өткөнүнүн өзү эмне деген үлгү?! Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын аскерлеринин соккусунан 1940-жылы май айында кыйроого учурап, капитуляцияга дуушар болуп, өкмөтү мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон Франциянын аскер министринин орунбасары Шарль Де Голль согуштан жабыркаган француз аскерлеринин башын бириктирип, бөтөн элде баш калкалап жүрүп, “Би-Би-Си” радиосу аркылуу Лондондон жалпы француз элине бир нече жолу кайрылуу жасап, өзүнө байланышууга чакырган. Оңунан чыкпаган кадамдарына карабай алдыга койгон максатынан кайра тартпай, “Эркин француздар душманга таяныч база катары кызмат кылууга эч качан макул эмес! Биздин бир гана максатыбыз, бир гана амбициябыз бар, ал мекенибизди баскынчылардан бошотуп, эркиндикти дүйнө жүзүнө орнотууга салым кошуу!” деп бозгунда жүргөн француз элинин духун көтөрүп, жыйынтыгында төрт жүз миңден ашуун мекенчил француздардан турган армия курап, талоонго түшкөн Францияны фашисттик баскынчылардан бошотууга жетишкен. Окупанттардын таман алдында талоонго калып, кунарсыз абалда күн кечирген Елисей талаасынын кучагында миллиондогон француздар 1944-жылы 26-августта деңиздей толкуп, зарыгып күткөн жеңиштин кубанычына мас болуп, жарык маанайда биринбири куттуктап, жүрөгү кабынан чыгып кетчүүдөй болгон сүйүнүч менен Франциянын жеңишин өзгөчө майрамдашкан. Чачылган француздарды жыйнап, океандын толкунундай айбаттуулук менен мекенин баскынчылардан бошотуп, жеңишке жеткирген генерал Де Голль болгон. Мында эске алчу бир маселе, бүгүнкү биздин өзүбүзгө жараша душмандардай эле, ал кезде Франциянын душманы Германия, Англия… сыяктуу үлкөн мамлекеттер эле.

ОТУЗ ЖЫЛ аралыгында тутка кылып карманар лидер таппай, тескерисинче барды жок кылып, чет элден миллиарддаган доллар карыз алып, аны максаттуу пайдаланбай жеп-ичип, анысы билинип калып алды качып, аркасы камалып отурган төбөлдөр менен күн кечирген караламан эл мамлекеттик бийликке болгон ишеничин жоготуп алып, самандын арасына ийне жоготкондой шыкаалап, сыйпалап ишеничин таппай калган. Бир күндүк напси үчүн, жеке кызыкчылык, же көрпенделиктен көкүрөгүн трайбализмдин сокур сезими уялаган ичимтап пенде баласы көрүп туруп, акты-кара, караны-ак дебей, калыс пикир айтып, жалпы журт ынтымак менен биримдикке келбесе бизде дагы отуз жыл өтсө да өнүгүү болбойт. Журт башчыны тандоо элге берилген. Мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу милдети ошол эл тандаган эл башчыларга жүктөлгөн. Ошондуктан эл башчыны эч жаңылышпай тандашы керек. “Бу келесоо, бирок биздин келесоо” деген ыплас принциптен кайтып, ар бир жаран мекенчилдик позицияны колго алуусу зарыл. Бир кезде КЭРден миллиарддаган доллар карыз алып А. Атамбаев президент кезинде “ДаткаКемин” көмөкчү чордонун курсак эле Борбордук Азиянын Ташкенттеги энергошакекчесинен чыгып, энергетикалык жактан толук көзкарандысыз болуп, электр энергиясын чет мамлекеттерге кымбат баада экспорттоп, өз элибизге бекер бергенге жетишебиз…” деген убадалар берилди эле. Бирок, “Датка-Кемин” көмөкчү чордону курулгандан бери энергетика тармагында олуттуу өзгөрүү болгонун эл байкай элек. Отуз жыл ичинде энергетика тармагына жумшалган жалпы акча каражатынын толук суммасын, кайсы жылы кандай агрегатты жаңылоо үчүн канча каражат бөлүнгөнүн, эмнесин жаңыртып, кай жерине капиталдык түзөтүү киргизгенин бир дагы өкмөт элге ачык айта элек. Бул көрүнүш эл ичинде күмөн жаратууда. Бишкектеги 1-ЖЭБдин модеринизациясынан кийин бир аттиштин (кычкачтын) баасы 600 доллар болгону уламышка айлангандан соң караламан эл энергосектордун реформасынан биротоло түңүлгөн.

ДАГЫ ЭЛЕ ошол Шарль Де Голль мисалында, пендечилик француздарда да болгон. Де Голльду Жанна д, Арктын, Наполеон Бонапарттын деңгээлинде тааныган француздар согуштан кийинки башаламандык капшабы менен жээрий баштаган… “Франциянын тагдыры жеке адамдын тагдырынан жогору турат. Менин принцибиме туура келбеген шартта бийлик талашып отурууга мен макул эмесмин…” деп өз каалоосу менен отставкага кеткенде, аны француздар Парижди таштап кетүүгө аргасыз кылган. Үй-жайсыз, банкта бир сом акча каражаты жок Де Голль өзү туулуп өскөн Коломбого келип жарыбаган полковниктин пенсиясы менен кыйын турмушта күн кечирген. Согуштан кийин бригадный генерал чини берилип, бирок, расмий буйрук менен бекитилбей калган генерал Де Голль турмуш зарылчылыгынан кредит алып, өзүнө тиешелүү кымбат баалуу буюмдарын сатып жашоого аргасыз болгон. Бирок ал келечектен үмүт үзгөн эмес. Ошол тазалыгы, жупуну жашоосу менен элге жагып, 1958-жылы Франциянын Президенттик шайлоосуна катышып, жеңишке жетишкен. Анын бийликке келиши менен жаңы конституция кабыл алынып, өлкөдө президенттик башкарууну күчтөндүргөн. Он жылдык президенттик башкаруусунда СССР баш болгон көптөгөн үлкөн мамлекеттер менен саясий-экономикалык алаканы бекемдеп, Францияны улуу державалардын катарына кошкон. Ал, “Амбициясы жок эл – жыгачтан жасалган замбиректин огуна барабар” деп, баардык күч элдин колунда, элдин амбициясында экенин баса белгилеген.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН амбициясындай күчтүү амбиция Борбордук Азия мамлекеттеринде кездеше бербейт. Кыргыз Элин жаман айтып, коркутуп башкаруу мүмкүн эмес экенин тарых бир нече ирет далилдеди. Ынтымак менен биримдикте өнүгүү жолуна чыксак, кыргыз эли жетпеген бийиктик болбойт. “Көгүш тоону кыян жууп, көрк бузулат сак болгун! Көсөмдөрүң элди алдап, көч бузулат сак болгун! Салкын тоону кыян жууп, салт бузулат сак болгун! Каада түгөп, ар түгөп, калк бузулат сак болгун! Калыс сөзүн айталбай, карт бузулат сак болгун!..” дегендей, канча ирээт көсөмдөрүбүз элди алдап көчүбүз ооп, бузулду. Жалаң импорт менен жашаганга көнүп бараткан эл, импорттук салт менен жашап, каада-салтыбыз кайда баратканынан кабарыбыз болбой калды. Арсыз жашоого ыктап, калк арасы бүлүндү. Карыларыбыз калыс сөзүн айталбай кошоматчылыкты кесип кылып алганын кадам сайын кезиктирчү болдук. Эң биринчи эки жүздүү, кокту-колот кызыкчылыгынан чыга албаган сокур сезимдүү саясатчы сөрөйлөрдөн тазаланбай туруп, ийгиликтин жолуна чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, Президент же Министрлер кабинетинин Төрагасы үчүндебей, Кыргыз Республикасы үчүн иштей турган кадрларды тандоо мезгили келди. Мени Президент же Министрлер кабинетинин Төрагасы кызматка койду эмес, Кыргыз Республикасынын эли ишенип ушул жооптуу кызматка дайындады деген түшүнүк менен иштей турган таза кадрларга караламан эл, Кыргыз мамлекети бүгүн муктаж болуп турат. Бизде качып кеткен, камакта жаткан, бошоп чыккан мамчиновниктер үй-жайсыз калып, өзүнө тиешелүү буюм-тайымдарын сатып, катардагы карапайым эл менен бирдей жупуну турмушта жашап калганын уга элекпиз.

КӨЗҮ ӨТӨРДӨН эки жыл мурда Де Голль өз каалоосу менен президенттик кызматынан баш тарткан. Жетимиш тогуз жашында каза болгон Француз лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатында АКШнын президенти Ричард Никсон, “Шарль Де Голль эстелик тургузууга муктаж эмес. Анткени ал өзү монумент. Анын колунан жасалган эмгек – Франция” деп таамай баа берген. Шарль Де Голльдун өмүрүнө 23 жолу кол салуу болуп, бир да жолу жан алгычтар максатына жеткен эмес. Душмандары ондогон террордук актыларды уюштуруп, көзгө атар мергендерди эки жолу жалдап, жок кылууга аракеттенген. Бир жолку кол салууда аялы жаракат алган. Ал өмүрүнө кол салган адамдарга Президенттик укугунан пайдаланып кечирим берип, жазасын жеңилдеткен. Ал өзүн жок кылууга буйуртма берген душмандарынын кылмыш ишин, “өтө пастык” деп баалап, аны аткарууга макул болгондорго “адамга теңелүүгө арзыбайт” деп баа берген. Президент болуп турган 10 жыл аралыгында карапайым эл катары жупуну жашаган. Брондолгон ок өтпөс картежден, үй кызматчысынын эмгегинен баш тарткан, анын жеке менчик үйү болгон эмес. Өмүрүнүн аягына чейин Франциянын Елисей сарайынын бир бөлмөсүндө үй-бүлөөсү менен убактылуу жашап өткөн. Кыргыз Республикасынын президенттери да отуз жыл аралыгында Де Голль таризинде жашап, эмгектенгенде, азыр мындай ойлор айтылып, макалалар жазылмак эмес! Эгерде биздин мамлекеттик кызматкерлер карапайым эл менен катарлаш туруп, кең пейил, кечиримдүү болуп, элден эч айырмасы жок жашаса, анда Кыргыз Эли ал чиновниктерди алаканына салып алпештеп аларында эч күмөн жок. Бири-бирибизден кемчилдик издебей, ынтымак менен келечекке жол алсак, экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуларыбыз алыс эмес. Бүгүн бизге татыктуу кадрлардан турган мамлекеттик кызматкерлер менен карапайым эл бир катарга туруп, бир муштумга бириккен ынтымак гана жетишпей турат. Калганы баары бар.

Бахпурбек АЛЕНОВ
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!