Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү

21-сентябрь, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 85

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйында 1-октябрдан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык талкууланды. Индексациядан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомду, ал эми орточо жогорулатуу 1 миң 753 сомду түзөт.
Ошондой эле жумуш издегендер үчүн Jumush.gov жана Find-ish санариптик платформалары түзүлгөнү айтылды.

Мындан тышкары, аймактардагы Беккари чуңкурларынын абалын текшерүү, аларды санитардык талаптарга ылайык келтирүү жана биологиялык калдыктарды заманбап ыкма менен жок кылуу боюнча тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга бир катар тапшырмалар коюлду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X