"Эркин-Тоо"

Сеид Атамбаев атасын сындагандарга жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президенттин, атасы Алмазбек Атамбаевдин тушундагы камоолор тууралуу жооп берди.
Кечээ, 26-октябрда, Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо келишими боюнча пикирин билдирген. Ал эми массалык камоолорду уят иш катары сыпаттап, тез арада бошотуу керектигин айткан.
Бүгүн парламентте депутат Жеңишбек Токторбаев мурдагы президенттин пикирин сындап, ал бийликте турганда деле аттуу-баштуу саясатчылар, журналисттер камалганын белгиледи. Мисал катары Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду айтты.
Андан соң Сеид Атамбаев бул сынга жооп берди.
«Алмзабек Шаршенович акырын, дипломаттык түрдө эле пикирин айтты. Эгер анын тушунда камалгандар болсо, аны үчүн кечирим сурады. Азыркыга чейин катасын мойнуна алат. Мындан сырткары, анын тажрыйбасы бар, жөн гана кеңеш берди. Аны ким кандай кабыл алары ар кимдин өзүнүн иши», — деди Атамбаев.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.
Натыйжада 22 жаран тергөө абагына киргизилген.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, жарандык коомдун өкүлдөрү менен сүйлөшүү натыйжа бербегенин айткан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!