Казакстанда Каспийдеги кырсыктан каза болгон аскерлердин саны 14кө жетти
Казакстанда Каспий деңизиндеги издөө-куткаруу иштери толугу менен аяктады. Кырсыктан 14 аскер кызматкери каза болгону аныкталды.
Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 25-сентябрда саат 09:15те дайынсыз болуп жаткан акыркы эки аскер кызматкеринин — сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбекулынын сөөгү табылган.
Кырсык 24-сентябрда Аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-күжүрмөн тапшырмасын аткаруу учурунда болгон. Аба ырайы кескин начарлап, катуу шамалдан 17 аскерди ачык деңизге агызып кеткен. Алардын үчөө операциянын алгачкы сааттарында куткарылган.
Окуянын себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеди. Аскер кызматкерлеринин каза болушу боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлөрү айтылды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты.