"Эркин-Тоо"

Казакстанда «Тайторунун окуясы» кыргыз-казак манасчылары тарабынан музыкалык коштоодо айтылат

26-29-октябрына чейин Казакстанда өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү алкагында жаш манасчы Азиз Биймырза уулу жетектеген Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Программага ылайык, төкмө акындар кыргыз-казак бир туугандыгын даңазалашса, дастанчылар «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Аксаткын менен Кулмырза», «Карагул ботом», «Кожожаш», «Акбала», дастанынан үзүндү айтышып, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда «Баба мурасы» күүсү жаңырат.
Ошондой эле, кыргыз манасчылары казак манасчылары менен биргеликте “Манас” эпосундагы «Тайтору окуясын» музыканын коштоосунда ар башка ыкма менен аткарып, “Манас” урааны жаңырат.
Учурдан пайдаланып, бардык мекендештерди 28-октябрда саат 15-00до Р. Багланова атындагы «Казакстан» Борбордук концерттик залында күтөбүз. Кирүү акысыз.
Маалымат катары айта кетсек, Улуттук «Манас» театры кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун ошондой эле кенже эпосторду даңазалоо, сактоо жана жайылтуу максатында 2021-жылы сентябрь айында негизделген.
Бул концерттик программа аталган театрдын чыгармачылык тобунун чет өлкөлөдө сунушталып жаткан алгачкы программасы болуп саналат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!