"Эркин-Тоо"

Кеминде бир ай мурун жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан.

«Кабар» маалымат агенттигине Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес.

Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Керектүү укуктук экспертиза дайындалды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!