"Эркин-Тоо"

Кеминде кой уурдаган киши кармалып, мал ээсине кайтарылды

Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Л.И. кайрылып, 23-июлга караган түнү короосунан белгисиз адамдар бир баш коюн уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын аймагында ыкчам-иликтөө  жана тергөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делип Кемин районунун 1974-жылы туулган К.В. аттуу тургуну кармалып, РИИБдин тергөө кызматына алынып келинген.

Уурдалган мал ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланып жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!