"Эркин-Тоо"

КЕП МЕЗГИЛДЕ ЭМЕС, МЕЗГИЛ КААРМАНЫ БОЛО АЛГАНЫНДА…

Сары-Өзөн Чүйдүн Кегети айылынын кулуну, өлкөбүздүн билим берүү тармагынын белдүү окумуштуусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Искендер агабызды арбаган ажал алып тынды. Суук кабар наркнасилдүү Кегети айылынын жалпы тургундарынын, ага-тууган, бир туугандарынын, куда-сөөк, курбу-курдаштарынын, учурунда агадан билим-тарбия, көмөгүн алышкандардын, көптөгөн илим жолуна түшкөн шакирттеринин жүрөгүн сыздатты.

Аганы акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын мыкты уюштуруучу, дасыккан илимпоз, жолдошчулукка бекем, ар дайым жайдары, көңүлү көтөрүңкү, табиятынан жөнөкөй, Жараткан берген өмүр жолунда көптөгөн улуу-кичүүгө жарыгын чачып, эсте каларлык өмүр кечиргенин айтышты. Искендер Исамидинов 1968-жылы босогосун аттаган КМУнун филология факультетинде студент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, декандын тарбия, окуу иштери боюнча орун басары, кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, окуу жайдын тарбия, окуу иштери боюнча проректору, ал эми 2011–2014-жылдары окуу жайдын ректорлугуна дайындалган. Анын бирге окуган курсташтары, кесиптештери Исамидиновдун өз кесибин жогорку деңгээлде өздөштүргөн татыктуу жетекчи катары баалашып, алардын эс тутумунда бекем сакталарын айтышты.

Ооба, Искендер Исамидинов Жараткан ыроологон тубаса адамгерчилиги, мыкты уюштуруучулук таланты менен кайда болбосун жогору кадыр-барк күтө алды. Мына ошол тубаса энергиясы бала күнүнөн ичтен туйлаган улан билим бешиги болгон Кегети орто мектебин 1968-жылы эң жакшы бүтүрүп, ооздугун кемирген жаш күлүктөй алдыга октос берип, ошол эле жылы КМУнун филология факультетинде бирге окуган курсташтарынын арасында мыкты студенттердин катарына кошулат.

Табиятынан жөнөкөй Искендер ага жек-жаат, ага-туугандарына үлгү болгон инсан эле. Өмүр жолунда кызматтын, илимдин туу чокусуна жеткенине карабастан, кээ бир чоң кызматтарда иштегендерге, илим сересин багындырышкандарга салыштырмалуу өтө жөнөкөй инсан эле. Ал өз доорунун акыл-эси, ар-намысы болууга үндөгөн мезгил чакырыгын ички туюм-духу менен сезе билди. Ошол мезгилдин, өмүрдүн кымбат ирмемин кармап калууга далалат кылды. Кеп мезгилде эмес, кеп мезгил каарманы боло алган адамда экендигин туя алды. Мына ушул адам баласында сейрек кездешүүчү асыл сапат Искендер агада бар эле.

Эң башкысы сөзү менен иши терең айкалышып, эмгек жолунда жаратмандык менен үзүрлүү эмгек өтөдү. Мындай асыл сапаттарга эгедер болушкан инсандарды элибиз мезгил менен бирдей кадам шилтешкен мыкты атуулдар дешет. Себеби, мындай сапат титул эмес, кызмат да эмес. Бул наам менен эч качан, эч убакта сыйлабайт, ага кызмат кылбастан, ага татыктуу болууга, эмгек сиңирүүгө дайыма ички ыймандын бийик арзуусу гана керек.

Кутман элибиздин “Аккан арыктан суу агат” деген накыл кеби бар. Искендер ага кээ бир атуулдардай өзүнүн түпкү теги жөнүндө көөдөн көтөрө көкүрөк каккан эмес. А бирок, Искендер ага карт тарых тастыктаган түпкү теги жөнүндө сыймыктана айтуусуна жүйө бар эле. Ал элижуртун коргогон, ынтымагын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон Сарбагыштын, Манап бийдин, Атаке баатырдын урпагы.

Аганын ар кандай жооптуу кызматтарында, илим сересине умтулган өр жолунда 50 жыл бирге бактылуу өмүр кечирүүсүнө өмүрлүк жубайы Бактыгүл жеңе, уул-кыздарынын жашоодогу ийгиликтери дем-күч берди. Агабыз бир келген өмүрүндө окумуштуу, жетекчи, ата, чоң ата, таята катары өз милдетин жакшы өтөп, уул-кыздарын, неберелерин эркелетип, жаш кездеги мээнетинин үзүрүн көрдү.

Искендер ага дүйнөдөн өтсө да нардай жүк көтөргөн эмгекчилдиги, мыкты уюштуруучулугу, салабаттуу басмырт жүрүмтуруму, айылдаштарынын, агатуугандарынын жүрөк түпкүрүндө түбөлүккө бекем сакталат. Бул эскерүү элине, өзгөчө билим берүү тармагына бараандуу эмгек өтөп, өрнөктүү жана татыктуу жашап өткөн, ар дайым кепкеңешин аябаган Искендер аганын бейитине койгон гүлдестем болсун!

Жаркын элесиңиз ар дайым эсибизде, тынч уктаңыз Искендер ага!

Бактыбек ИМАМАДИЕВ
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!