Кикбоксингчилер Дүйнө чемпионатынан 4 медаль менен мекенге кайтышты
Бүгүн, 28-сентябрда Италиянын Венеция шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасындагы кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатынан кыргызстандык спортчулар мекенге кайтып келишти.
Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев жана өкүлдөрү тосуп алышты.
Мелдеш 18–27-сентябрь күндөрү өтүп, Кыргызстандын курама командасы жалпы жыйынтыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль багындырды.