"Эркин-Тоо"

ККМ – “КӨМҮСКӨ” ЭКОНОМИКАНЫ ЖОЮУГА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

Баардыгыбыз бардар жашоону каалайбыз. Андыктан, казынабыз бай болушу кажет. Тилекке каршы, дээрлик отуз жылдан бери чет жактан карыз алып, бюджетибиздин “тешигин” жамап, күн өткөрүп келдик. Ошону менен бирге “көмүскө” экономика апогейине жетип, сөздүн түз маанисиндеги миллионерлердин гана жашоосу май-көл, сүт-көл болуп келгенин танууга болбойт. Негизи, кайсыл гана өнүккөн өлкө болбосун, салыктын эсебинен казынасын толтуруп, калкы заманбап тейлөөгө жетишип, бакубат  турмушта жашашат. Муну элибиз өтө жакшы түшүнөт деп ойлоймун. Бирок, бизде каалоо жоктой.

“Жаңы жылдан баштап патент системасы жоюлат” деген Министрлер Кабинетинин токтомуна каршы чыккан соодагердер жер-жерлерде митинг уюштурушуп, айрым жерлерде иш таштоо болду. Негизги дооматы – соодада көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонбоо. Садыр Жапаров бийликке келгенден бери фискалдык саясатта тыкыр өзгөрүүгө шарт түзүп, эң оболу ишкерлерге, айрыкча чакан соода жүргүзгөн жарандарыбызга  колдоо көрсөтүүгө артыкчылык берди. ККМ эң оболу “көмүскө” экономиканы, коррупцияны жоюунун куралы экенин баса белгилеп келишти. Карап көрсөк, дал ошол чакан сооданын өкүлдөрү нааразы болуп кыйкырып чыгышууда. Же алар кимдир бирөөнүн куралы болушууда. Ишкердин соодадагы бир жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаса,  бир тыйын салык төлөбөсө, мунун эмнеси жаман?

Бир мисал, эгерде айына 4000 сомго патент сатып алып, күнүгө 2000 кап ун, же болбосо, вагон-вагон тактай саткан ишкерди алалы. Булар 50-100 миллиондогон акча каражатын “сол чөнтөгүнө” кымырып кетишүүдө. Ушул жерде социалдык адилеттүүлүк жок болуп жатпайбы. Ошондуктан, мамлекет күнүгө 10 кап ун саткан ишкерди салыктан бошотуп, 2000 кап ун саткан ишкердин “көмүскө” кирешесин ачыктоонун аракетин көрүп жатат. Ал эми мында “көмүскө” экономиканын бетин ачууда ККМ маанилүү ролу зор. Муну неге танабыз? Же болбосо, социалдык баракчадан алынган төмөндөгү салыштырууга назар салып көргүлө.

ККМ аппараты алыска барбай, өзүбүзгө тааныш болгон КАМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында кызмат өтөп жатат. Ал жакта бул система өзүнүн жемишин берүүдө. Аларда ар бир дүкөн, чачтарач, жада калса кичинекей ларекто да чек берилет экен. Салык төлөө маданияты калыптанып калгандыктан, жарандары өздөрү чек сурайт. Ал тургай, Монголияда мал базарда ККМ аппараттары колдонулуп жатканын өз көзүм менен көрдүм.

Моюнга алыш керек, соодада ККМ апппараттарын колдонууда артта калдык. Мында карапайым соодагерлерди күнөөлөө негизсиз. Анткени, түшүндүрүү иштери солгун жүрүп жатат. Ошондой болсо да, жылыштар бар. Салык кызматынын маалыматы боюнча,  акыркы 2 жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, 2023-жылдын жыл башына карата колдонуудагы ККМдин саны  65 422 даананы түзүптүр. Салык кызматы 2023-жылдын ноябрында 20,2 млрд. сом салык чогултуп, тарыхта болбогон көрсөткүчкө жетип олтурушат. Келерки жылы 230 млрд сом салык топтоо күтүлүп жатыптыр. Бул дагы болсо салык тармагындагы реформанын үзүрү.

Эгерде казынабызда акча көп болсо, айлык акылар көбөйүп, жашоо-шартыбыз жакшы жагына оойт. Мектеп, бала-бакча оорукана жана башка социалдык обьектилер курулат. Куралдуу күчтөрүбүз чыңдалат.

Ошондуктан, өзгөрөлү. Салык төлөө маданиятын өркүндөтөлү. Дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн үлгүсү болгон Америкада “Өлүм менен салыктан качып кутулбайсың” деген калетсиз айтылган сөзү бар.  Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, “Салыктын аты эле салык болбосо, «жакшылыктын айлампасы» демекчи, чогулткан акчаларыбыз, өзүбүздүн гана жыргалчылыгыбызга жумшалары талашсыз.

ККМ аппаратын колдонуу мамлекеттик маанилүү иш-чара. ККМ өлкө ичиндеги контрабанда, контрафактылык товарлар кыскарышына өбөлгө түзөт. Элибиздин ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизип жаткан сапатсыз, арзан, мөөнөтү өткөн товарлардын Кыргызстанга киришине жолтоо боло алат.

Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң базарлардын соодагерлеринин көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн Президент Садыр Жапаров жумушчу комиссия түзгөн. Комиссиянын жыйынында   жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлүп, эл жаңы системага көнүп, үйрөнгүчө эч кандай айып пул салынбай турганы маалым болду. Текшерүү да болбойт экен. Бул базарларда жана жалпы эле соода тармагында иштегендерге тиешелүү экенин салык кызматынын билдиришти. Андан тышкары 30 миң ККМ сатып алып, ишкерлерге бекер таратып берүү тапшырмасы берилет экен.

Демек, бийлик дале ишкерлер тарапта. Ушундан улам, өзүнүн “чөнтөгүнө” иштеген ири бизнестин куралына айланбай, ККМди соодада курал катары пайдалануу өзүбүз үчүн да, мамлекет үчүн да өтө пайдалуу экенин түшүнө билели.

 

 

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№96 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 5-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!