Колумбияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 224 адам каза болуп, 570ден ашуун киши жаракат алды. Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Табигый кырсыктан көптөгөн имараттар урап, бир нече аэропорттун иши токтоду. Кали шаарындагы оорукана да жабыркап, айрым бейтаптар урандылардын алдында калган. Куткаруу иштерине жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар да тартылып, дайынсыз жоголгондорду издөө уланууда.