Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, спортчу 57 килограмм салмак даражада беттешти. Алмаз Сманбеков финалдык беттеште, Өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок.
Спортчу 1/8 финалда Азербайжандык, чейрек финалда Сенегалдык жана жарым финалда Тажикистандык балбанды жеңген.
Белгилей кетсек, бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы.