"Эркин-Тоо"

КООМ КАЙДА БАРАТАТ?

Азыр адамдардын дээрлик бардыгы уюлдук телефон менен жашап калды. Күнүмдүк турмушу, соода-сатыгы, акча которуусу, төлөмдөрү, байланышы, кат-кабары баары телефон менен жүргүзүлөт. Бир жагынан карасаң жанга ыңгайлуу, убаракерчилиги аз, убакытты да үнөмдөйсүң. Бул жакшы жагы. Бирок, тилекке каршы уюлдук телефондун терс, зыян жактары да болуп жатат. Ал эң биринчиден өсүп келе жаткан муундун аң-сезимине, дүйнө таанымына терс таасир этип, алар кайрымсыз болуп өсүп жатат. Билими эң мыкты, бирок, тарбиясы, адеби төмөн. Башы компьютердей иштейт, а жүрөгү, боору таш. Эч кимге, кала берсе өзүнүн ата-энесине  кайрымы, ырайымы жок. Акыркы отуз жылда мындай типтеги адамдардын дээрлик бир мууну өсүп чыкты. Жөнөкөй эле бир мисал. Мындан он жыл илгери жаштар автобус, троллейбустарда улгайган адамдарга дароо орун бошотуп берер эле. Азыр жанына барып алым сабак айтышмайынча турбайт. Уктамыш болуп калат, же башын жерге салып телефонун карамыш болуп олтура берет. Кээ бирлерине айтсаң сени жаман көзү менен олурая карап, кагынып-силкинип, күбүрөнүп, сүйлөнүп жатып араң орун бошотот. Айрымдары турбай да коет. Жакында эле болгон бир окуяны айтайын. Жибек Жолу проспектисиндеги аялдамада тургамын. Эл аябай көп. Бир учурда кебетесине, чырымына караганда мектепте жогорку класстарда окугандай эле түрү бар үч кыз келди. Экөө дароо тамекилерин алып чыгып, улуу-кичүүнү көзгө илбей чеге баштады. Менин эле жанымда турушат. Кантээр экен деп карап турдум. Акыры чыдабай “ай, кыздар, уялсаңар боло, кайсы мектепте окуйсуңар?” дедим. Кубакай кыз “биз окуучу эмеспиз, университетте биринчи курста окуйбуз” деп жактырбагандай бурк этти. Экинчиси тамекисин дароо урнага таштады. А жанагы кубакай кыз эч камаарыбай тартканын уланта берди. Менин сөзүм сая кетти. Өзүм кичи автобуска олтурдум да кеттим. Эми шаардын чок ортосунда, мындан бир жума башта эле Киев көчөсүндөгү элдер “Военторг” деп атаган  аялдамада болгон  дагы бир окуяны айтып берейин.  Чак түш. Аялдамага бараткан жолдо  бою алибеттүү, карылуу  кыргыз жигит орус кыздын алдын тосуп, оңго басса оңго, солго басса солго басып  өткөрбөй жатыптыр. Мен сыртынан карап ал экөө тааныш болсо керек деп ойлодум да өтө бердим. Бир аздан кийин жанагы жигит аялдамага келди. Бир аз кызуу экен. Колунда көтөргөн кичине баштыгы бар. Келди да менин артымда турган кыргыз кызга орусча сүйлөп тийише баштады. Кыз жактырбай ары басты. Артынан барып, кызды колунан тартты. Кыз колун бир силкип алып, аялдаманын аркы четине карай басып кетти. Мен карап турам. “Отстань от меня” деп ара чолодо кыйкырып коет.  Байкуш кыз аялдаманы бир айланып кайра менин жаныман өттү. Жанагы мас жигит кызга кенедей жабышты да калды. Аялдамада турган ошончо көп элден не бир жашы, не бир карысы  үн катпады. Мен басып барып жигиттин жолун тородум. “Эй, эмне бул кыздын жанын койбой артынан кууп жүрөсүң” дедим. “Сенин ишиң болбосун” деди да  мени айланып өтмөк болду. Жанагы жигитти кантип алка жакадан алганымды өзүм да аңдабай калдым.  “Кыйын болсоң  жүр тээтигиндей сыртка  баралы, а кызды жайына кой” дедим ачуум келип. Экөөбүз мушташа турган болуп калдык. Жигит колуман жулкунуп бошонду да ордунан жаңы эле жөнөп жаткан  кичи автобуска түштү да кетти. Качып кетти.

Акыркы мезгилде биздин коомдо өздөрүнүн эле алыс-жакын туугандарын, тааныштарын, кыргыздарды талап-тоноп, уруп-сабап, мүлктөрүн зордук менен тартып алып,  ай сайын  “мага паланча сом төлөп турасың”  деп салык салган, бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн анабаштарын, шылуун, жырткыч, бандит шүдүңгүттөрүн да колдоп, кубаттап чыккандар көбөйдү. Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өлүмүн Тик-Ток менен Инстаграмда  тим эле хит кылып жиберишти. Камчы Көлбаевди көргөнү деле, көрбөгөнү  деле, билгени деле билбегени деле “ой, ал мыкты жигит болчу, жакшы ата эле, кыргыздарды коргоп турчу, бекер өлтүрүштү” деп жер сабагандар  көп болду. Бир далай адамдын өмүрүнө забын болгон, ишкерлердин канын кактабай соргон кримтөбөлдүн ана башчысын апакай кылып көрсөткөнгө жан үрөштү.  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келип сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: “Мамлекетти бүт тазалаш керек. Силер бул иште жардам бергиле, урматтуу депутаттар. Баарын чекеге жылдырып коелу. Жеке кызыкчылыкты, бизнести, акчаны. Мен үчүн  байлыктын дагы, креслонун дагы эч нерсенин кереги жок. Бир гана маселе-мамлекетибизди таза, ыймандуу коомго айлантып калышыбыз керек. Биздин алдыбызда  чоң мүмкүнчүлүк турат. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш мындан да катуу болот. Аны менен күрөшүү үчүн мен дээрлик эки жыл даярдандым. Мындан ары Кыргызстанда ОПГ деген болбойт”.

Крим төбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кылмыш дүйнөсүнүн бир топ өкүлдөрү бул жолдон кайтканын интернет желеси аркылуу ачык билдирип чыгышкан. Алардын арасында  “Женго” деген каймана аты бар Кадыр Досонов да болгон. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадыр Досонов баштагыдай эле ишкерлерди тоногонун улантып жатканын, андыктан аны Бишкекке алып келип камоого аргасыз болгонун айтты. “Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы” дегендей крим дүйнөнүн башы кесилген менен калган денеси кыймылдап, дале болсо жашоого жан үрөгөн жылан сымал болуп жатканын көрүүгө болот. Кантсе да, эртели-кеч коом мындай терс, жат көрүнүштөн, илдеттен арылып, таза, ыймандуу коом болуш керек.

 

 

 

                                                                                               Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№96 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 5-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!