"Эркин-Тоо"

КР Акыйкатчысы Жамиля ЖАМАНБАЕВА: “Адам укугу бардык шартта корголушу керек”  

— Сиздердин расмий сайтта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар, алардын маселесин чечүү  тууралуу маалыматтар басымдуу экен, чынында эле ушул багыттагы  көйгөйлөр менен  жарандар  көбүрөөк кайрылышабы?

— Биздин адистер ар бир кайрылган жаран менен иш алып барышат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына, эл аралык конвенцияларга, документтерге ылайык бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө. Ооба, тилекке каршы,  ар түрдүү окуялар, зомбулуктун түрлөрү орун алып келет. Бул кырдаалды өзгөртүү үчүн коомдун  аң-сезимин, жүрүм-турумун өзгөртүү зарыл деп ойлойм.  Бул жерде ар бир адамдын өзүндө да жоопкерчилик  болушу керек. Ар бир үй бүлө гармонияда жашоого аракет кылуусу керек деп ойлойм. Негизи эле биздин кызматкерлер укуктук жагдайлары  бузулган жарандарга кеңеш берүү иш-чараларын өткөрүшөт. Ишеним телефондорубуз да иштейт.

— Кайрылган жарандарыбыздын маселелери кандай чечилип жатат?

— Акыйкатчы инситутуна жарандарыбыз ар түрдүү маселелер менен кайрылышат. Акыркы 10 ай ичинде бизге 5783 кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуулардын ичинде милиция кызматкерлерине карата даттануулар,  жер тилкелерин бөлүштүрүү, жеке турак жай  иштерине байланыштуу,   соттун чечимине  даттануулар, эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу кайрылуулар көбүрөөк. Биздин максат адам укуктарын сактоого карата бардык иш-чараларды  көрүү. Кырдаалды баалоо үчүн адистер  жеринде текшерүүгө чыгышат. Адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги менен активдүү  иш алып баруудабыз.

— Сиздин бул кызматка келгениңизге жарым жыл  болуптур, бул аралыкта Акыйкатчы институтунун иштерин жакшыртуу үчүн кандай аракеттер болуп жатат?

— 20дан ашуун кызматкерлер орду ачык сынактар  аркылуу кызматтарга дайындалып, аппараттын натыйжалуу иштешин камсыздоо аракетин көрүп жатабыз. Кызматка келгенден тартып ички ченемдик актылар иштелип чыгып, бекитилди. Аны менен катар Акыйкатчынын 2023-2027-жылдарга  карата Өнүгүү стратегиясы бекитилди. Учурда стратегиянын алкагында иштер аткарылууда. Акыйкатчы инситутунда атайын жаңы бөлүм ачылды. Бул бөлүмдө жарандардын кайрылууларын кароо тартибин адистер  жаңы багыт менен кароого өттү. Тагыраагы,бизге кайрылган жарандардын иш кагаздарын создуктурбай кароо жолго коюлду.

— Жалпы эле зомбулукка кабылган жарандардын укугун кантип коргой алабыз, ага улай эле наристелерин таштап кеткен энелерге укуктук  жардам берүү иштери кандай жүрүүдө?

— Сиз айтып кеткен кылмыш ишине шектүү үч жаш кызды камоо боюнч аазыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизалар даярдалууда. Экспертизалардын жыйынтыктары чыккандан кийин тийиштүү органдар чечим чыгарышат. Бул жерде бир тараптуу гана чечимди күтпөй, жоопкерчиликти эки адам тең алууга милдеттүү. Мындай окуяларда эркек менен аял бирдей жоопкерчилик тартыш керек. Жалпы эле коомчулук астында мындай орунсуз иштерди алдын алууну, түшүндүрүүнү колго алуу мезгилдин талабы болуп турат. Ал эми  институттун кызматкерлери төрөгөн аялдар менен жолугушуп алардын укуктарынын сакталышына көз салып турушат. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар азыр да ооруканада. Акыркы маалыматтар боюнча  эки кыздын ата- энеси төрөлгөн балдарды багуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

 

 

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№97 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 8-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!