"Эркин-Тоо"
Коом ЭЛДИК КУРУЛТАЙ Эркин Тоо гезити

КР Президентинин кеңешчиси Бекбосун БӨРҮБАШЕВ: “Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөр эч качан көз жаздымда калбайт”

15-декабрь күнү өлкөбүздө Элдик Курултай өткөнү турат. Жалпы элдик жыйынды утурлай Бекбосун Бөрүбашевди кепке тарттык. Маектешим Курултай институту, анын мыйзамду алкакта иш алып баруусу үчүн кезегинде демилге көтөрүп, мыйзам жазгандардын бири.

— Бекбосун мырза, бул жолку элдик жыйында кандай көйгөйлөр, маселелер көтөрүлүшү күтүлүүдө?

— Элдик Курултайда кандай маселелер көтөрүлө тургандыгы Баш мыйзамдын 7-беренесинде так жазылган. Тагыраагы, анда Элдик Курултайдын макамы “Коомдук өкүлчүлүктүү жыйын” деп даана берилген. Бул жыйында кайсы маселелер көтөрүлө тургандыгын, “Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштарды берет” деп так жазганбыз. Демек, коомдун өнүгүү багыттары боюнча дал ушул жыйын сунуш бериши керек. Бул жыйынга делегаттар жер-жерлерден келет. Туура, азыр ар бир жерде ар кандай көйгөйлөр көп. Биз коомдук институтту жалпы Элдик Курултай деп атагандыктан бир айылдын же райондун, кокту-колоттун маселесин эмес, жалпы журттагы көйгөйлөрдү көтөрүшүбүз керек.

— Сөзүңүзгө аралжы, ошол ар бир айылдан келген делегат үчүн өзүнүн аймагында көйгөйлөр маанилүү эмеспи…

— Азыр өлкөбүздүн кай аймагын караба, бардык жерде көйгөйлөр бирдей, коендой окшош. Мындай шартта биз бир айылдын же райондун көйгөйүн чечип коюу менен бүт Кыргызстандын маселесин чече албайбыз. Ошондуктан, Элдик Курултайда коомдун өнүгүү багыттары жана кемчиликтери боюнча делегаттар ойлорун айтсын деген максатты койгонбуз. Баш мыйзамдын 85-беренеси боюнча делегаттар өздөрүнүн сунуштарынын укуктук жактарын кароо менен мыйзам долбоорун бериши керек. Ошондуктан, Курултайдын делегаттары жогорку билимдүү адамдардан куралышы зарыл. Анткени, жогорудагы маселелерди анализдегенди да билиши керек да, туурабы? Элдик Курултай Баш мыйзамда көрсөтүлгөн милдетин так аткарышы кажет. Ошондо гана бул жыйын коомчулуктун астындагы өзүнүн милдетин аткарды деп эсептейбиз.

— Элдик Жыйында көтөрүлгөн маселелер айтылган боюнча аткарылбай, куру сөз боюнча калып калбайбы?

— Эң оболу Элдик Курултай мыйзам аркылуу бекемделди. 15-декабрда чакырылган Элдик Жыйындын мыйзамдык базасы бар. Мыйзамдын жетишпеген кемчиликтери бар. Аны биз өзүбүз деле айтып келе жатабыз. Бул боюнча маселени делегаттар астыдагы 15-16-декабрга чакырылган жыйында көтөрүшсө жөндүү болмок. Жөн гана көтөрүп койбостон тийиштүү мыйзамдын кайсы жагын кандай кылып өзгөртүү керектиги боюнча сунуштарын да киргизип, өздөрү иштеши керек. Ошондо гана Элдик Курултай жалпы элдин талабына жооп берет. Дегеле бул жыйын коомчулуктун үнүн бийликке жеткире турган жалгыз мыйзамдуу жалпы элдик жыйын. Мыйзам менен бекемделген шартта мындагы көтөрүлгөн көйгөйлөр эч качан көз жаздымда калбайт. Бир нерсени баса белгилеп коеюн, элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер дароо эле чечиле калышы мүмкүн эмес. Элдик Курултайдын жүрүшү, жыйында көтөрүлгөн маселелер андагы жыйындын делегаттарынын деңгээлин көрсөтмөкчү.

— Элдик Курултай институтунун мындан аркы келечеги үчүн кандай сунуш айтат элеңиз?

— Абдан актуалдуу суроо бердиң. Биз Баш мыйзамды иштеп чыкканда Элдик Курултайдын жалпы концепциясын бергенбиз. Ал концепция боюнча Элдик жыйындын макамын, негизги милдетин аныктап, ыйгарым укуктарын көрсөткөнбүз. Жогоруда белгилегенимдей, Элдик Курултай жөнүндө мыйзамда алешемдиктер, чийки жактары бар. Биз бул жагын да ачык айтышыбыз керек. Андыктан, биз бул тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга ылайыктап толуктоо менен жазып чыгышыбыз керек. Ошондой эле Элдик Курултайдын аткаруу комитетин шайлаганда татыктууларды шайлоо мезгилдин талабы болууда. Соңку убакта Элдик Курултайга делегат болуп барам деп ызы-чуу түшкөндөрдү карасаңар, мындан 2-3 жыл мурун бул жыйынды уккулары да келчү эмес. Азыр бул жыйындын жаратылышын жакшы түшүнбөй, өзүнө упай топтош үчүн сүйлөп калайын дегендердин жоон тобу пайда болууда. Биз мындай адамдардан арылышыбыз керек. Жалпы Элдик Курултайдын делегаттарына койгон талаптарыбыз жогору болушу абзел! Мындай талапты жогорулатуунун жолу кайсы? Бул жыйындын күн тартибиндеги маселе. Биздин ата-бабалар эзелтен эң биринчи Курултай чакыраардан мурун күн тартибине коюлчу маселени аныкташкан. Азыр негедир ушул жагы бышпай турат. Муну өзүбүз да түшүнүп жатабыз. Келечекте бул маселелердин бардыгы оң жолго түшөт деген үмүтүм бар.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№98 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 12-декабры