"Эркин-Тоо"

“Кристалл” заводунун кыйрашынын сыры…

Ошентип, жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу «Кристалл» ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан маанилүү ишкананын тагдыры татаал экен. Бул ишканага кимдер гана көз артпады. Чет өлкөлүк компаниялар атаандаштыктан коркушуп, иштетпөөгө болгон аракетин жасашыптыр. Аны биздин коррупционер жетекчилерибиз тикесинен тик туруп колдоп келишиптир.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө өзгөчө орунга ээ болгон Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүч материалдар заводунун базасында кремний өндүрүшүн жолго сала турган “Кристалл” акционердик коомунун кыйрашынын таржымалы коомчулук үчүн кызыктуу болору талашсыз. Анткени, дүйнөдөгү ири державалардын өндүрүшү менен атаандашууга кудурети жеткен ишкана өз убагында ишке киришкенде Кыргызстан экономикалык жактан гүлдөгөн өлкөгө айланарына ишеним арткан адистер бүгүнкү күнгө чейин маселе көтөрүп келишет. Президент Аскар Акаевдин учурунда атайын “Кыргызэлектроника” корпорациясын түзүп, ал жерге илимдүү-билимдүү адистерди тарткан экен. Электрондук өнүгүүнү терең түшүнгөн окумуштуу Акаев алгачкы жылдары бул маселеге катуу көңүл бурган дешет. Тилекке каршы, көтөрүлгөн демилге аягына чыкпай, “Кристалл” ишканасы учурда аймактагы кооптуу жайга айланып отурат. Өлкөбүздө электроника өндүрүшүнүн башатында турган кесипкөй инсандар –Турсунбек Клычбаев менен Карыбай Турусбековду редакциябызга чакырып алардын пикирин угууну туура көрдүк.

Кыргызстан үчүн архи-маанилүү обьект

Кабарчы: Карыбай Турусбекович, Сиз көп жылдардан бери өлкөдө кремний өндүрүшүн жандандыруунун зарылдыгын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы жазып келесиз. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөбүздө электроника өндүрүшүн жолго салуу үчүн кандай аракеттер көрүлө баштады эле?..

Карыбай Турусбеков: Ошо кездеги Президент Аскар Акаев өзү электроникага жат эмес адам болчу. Республикада электроника жаатында 16 мекеме-ишкана бар эле. Мындай мүмкүнчүлүк башка өлкөлөрдө болгон эмес. Өнөр жай министрлигинин алдында атайын башкармалык ачып, аны мен жетектеп, Турсунбек Баевич илим жагын тейлөөчү. Чынын айтсам үмүтүбүз чоң эле. Турсунбек Баевич көп сүйлөбөгөнү менен дал ушул электроника, анын ичинде кремний өндүрүшү боюнча табылгыс адис. Ленинграддагы политехникалык институттун жарым өткөргүчтөр боюнча адистикке ээ болуп чыккан. Академик даражасына ээ. Анын окутуучусу —  Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Нобель сыйлыгынын ээси, кванттык электрониканын “атасы”, академик Александр Михайлович Прохоров. Бу киши Таш-Көмүрдөгү заводду ишке киргизүү боюнча опол тоодой эмгек жасаган. Турсунбек Баевич “Кыргызэлектроника” мамлекеттик корпорациясын жетектеп турганда Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр материалдар заводунун базасында кремний чыгаруу боюнча биргелешкен өндүрүштү түзүү үчүн атайын программалык документке кол койгон. Электроника тармагынын адиси Акаевге үмүтүбүз чоң эле. Ал Прохоровдун эмгегин, беделин баалайт деп ойлогонбуз. Анткени, дал ушул Прохоровдун демилгеси менен орустар кремний өндүрүүнүн уникалдуу технологиясын иштеп чыгышкан. Тилекке каршы, эмгектин баары текке кетти.

Кабарчы: Турсунбек Баевич, эмне үчүн Сиз жетектеген корпорация максатына жетпей калды? “Кристалл” заводун ишке киргизүү менен экономиканы өнүктүрүүгө болор беле?

Турсунбек Клычбаев: Бул өндүрүш өлкөнүн экономикалык эмес, дүйнөлүк коомчулукта саясый жактан салмакка ээ болууга өбөлгө түзөр эле. Дүйнө жүзү боюнча поликристаллдык кремнийди төрт гана мамлекет өндүрөт. Алар – Германия, Кытай, Япония жана АКШнын Силикон өрөөнү. Мына ушул өлкөлөр дүйнөдөгү кремний өндүрүшүн көзөмөлдөп турушат. Таш-Көмүрдөгү завод Союздун маалында 80-жылдардын орто ченинде курулган. Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Турдакун Усубалиев, “Москвада көшөрүп  жатып ушул заводду курууга уруксат алгам” деген эле. Эмне үчүн Кыргызстанда ушундай завод курулушу керек эле? Анткени, ошол учурда ушул обьектини беш жыл иликтешкен. Эми мындагы эң башкы фактор – Нарын дарыясынын суусу кышы-жайы менен 6 градус температурада тургандыгы болгон. Бир сөз менен айтканда, технология боюнча Нарын суусу бардык талаптарга жооп берет. Экинчи фактор – калк жашаган шаарды бөлүп турган тоо бар. Заводдон бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар ошол жердеги абанын агымы менен тазаланып турчу эле. Анан темир жол, көмүр бар, арзан электр энергиясы дегендей, окумуштуулардын бир топ талаптарына жооп бергендиктен завод курула баштаган. Ал убакта СССРдин Подольск заводунда гана кремний өндүрүлчү. Кыргызстан үчүн  бул — архи-маанилүү обьекти болгон. Долбоор боюнча жылына 600 тонна поликристаллдык кремний, 16 миң тонна трихлорсилан чыгарылышы керек болчу. Бул эми полуфабрикат десек болот да. Аны, ошол учурда Россиянын Подольск,  Запорожье жана Железногорск  заводдоруна алып барып кайра иштетүү керек эле. Азыр эми Россияда кремний чыгарган бир дагы завод жок.

Ал эми Корпорация тууралуу айта турган болсок, ал Таш-Көмүрдөгү “Кристалл”, Орловкадагы ХМК жана Бишкектеги ЭВМ заводдорунан турган комплекс эле. ЭВМ заводунда  чип чыаруу пландаштырылган, бирок аны мамлекет тарабынан каржылоо иши колго алынган эмес. Анткени өлкө башчысынын жанындагылар ал заводдордун иштеп кетишине кызыкдар эмес эле — биринчи жагынан, экинчи жагынан чет өлкөлүк атаандаштар да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ошого карабастан  өзүмдүн аракетим менен сүйлөшүлгөн 100 млн. долларга кредиттик макулдашуум бар эле. Ал дагы ички жана сырткы атаандаштардын кесепетинен ишке ашпай калды. Ошол учурдагы өкмөт башчы: “Биз эми электроника боюнча Японияга, Кореяга, Америкага  жетпейбиз, ошондуктан корпорацияны жаап, колдо бар алтынды эле акырын иштете берели…” деп Президент Аскар Акаевге сунуш киргизген экен. Ошону менен “Кыргызэлектроника” ишканабыз ишин токтотууга мажбур болду.

Кабарчы: Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондо электроника тармагында 16 мекеме-ишкана болгон экен. Эми мунун баары кыйрады. Мына ушул тармакты өнүктүрүүгө артыкчылык берүүгө койгон максатыңыздын сыры  эмнеде эле?

Турсунбек Клычбаев: Дүйнө жүзү боюнча кремнийсиз бир дагы ракета учпайт, бир дагы компьютер иштебейт. Туура ошол учурда “Кристалл” заводун иштетүү зарыл болчу. Анда технология азыркыдай өнүккөн эмес эле. Кыргыз кремнийи азыр деле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ. Маселен, эки өндүрүштүк объектиден — жарым өткөргүчтөрдөн жана сейрек кездешүүчү металлдардан турган Орловка химия-металлургия комбинаты поликристалл кремнийине муктаж. Кажы-Сайдагы электр заводу электр диоддорун жана модулдарын өндүрүү үчүн кремнийди талап кылчу. Учурунда “Кристаллдын” продукциясына Россиянын, Украинанын жана Беларустун химия-металлургиялык заводдорунда кызыгуу көп болчу. Ал эмес  Кыргызстандын кремнийин Германия, Тайвань жана Кытай сатып алгысы келчү.

Карыбай Турусбеков: Ошол учурда россиялык академик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Александр Прохоров дал ушул “Кристалл” заводунда биргелешип поликристалл кремний өндүрүү үчүн супер-заманбап технологияны ойлоп тапкан болчу. Таш-Көмүр ишканасында өндүрүшү арзан, үнөмдүү, экологиялык жактан таза жана калдыксыз болмок. Мындай технологияларды ишке киргизүү менен бүт ата мекендик өнөр жай тармагын олуттуу түрдө жандантып алар элек. Бийлик кайдыгер болуп туруп алды.

Анан,Тайвань демекчи, азыркы күндө ушул өлкө чип чыгарып, дүйнө жүзүнө өзүнүн шартын коюп келет. Алар кремнийди чет жактан ташып келишет. Ири держава болгон Кытай буларга атаандаша албайт. Чип деген продукция, кол жеткис товар болуп эсептелет.

Кыргыз бийлигинин кайдыгерлиги

Кабарчы: Академик Прохоров “Кристалл” заводу үчүн уникалдуу технология иштеп чыкса, эмне үчүн бийлик аны пайдаланган жок?

Карыбай Турусбеков: Ошол учурдагы бийлик мүмкүнчүлүк берген эмес. Кайдыгерлик кылышты. Прохоров өзү Бишкекке келген. “Кристалл” заводу үчүн иштеп чыккан долбоорун Турсунбек Баевич  Женевада коргогон. Ошол учурдун алдыңкы технологиясы болмок. Прохоров Россиядагы бардык институттарды көтөргөн болчу. Таш-Көмүрдүн абасы Америкадагы Силикон өрөөнүнүн абасынан он эсе таза деген. Бирок, академиктин бир шарты болгон. Заводдун үлүшүнүн 25 пайызын сураганда, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башчысы макул болбой койгон. Ошону менен мүмкүнчүлүк пайдаланылбай калган.

Кабарчы: Эмне үчүн Прохоровдун долбоорун Женевада сиз коргодуңуз эле?

Турсунбек Клычбаев: Александр Михайлович ооруп калып, мен барып долбоорду коргогом. Кремний өндүрүшүн ишке киргизүү оңой иш эмес. Германиянын “Ваккер” компаниясы 3 миң тонна кремний чыгарыш үчүн 40 жыл иликтеп келген. Ал эми биздин долбоор боюнча жылына 4 миң тонна кремний чыгаруу каралган болчу. Ошол убакта 1 килограмм кремний 500 доллар турчу. Анан  Япония, Германия, АКШ мамлекети: “Кантип ушул чакан өлкө бизге атаандаш болуп чыга келет…”  деп каршы болуп тикесинен-тик турушту да. Балким, ири өлкөлөр  Аскар Акаевге ар тараптан кысым жасашкандыр. Айтуу кыйын. Атаандашуу деген кыйын нерсе да.

Кабарчы: Демек, кремний өндүрүшүнө бут тосуу болгон экен.  Заводдун иштебей турушуна өзүбүздүн чиновниктер дагы кызыкдар болгон деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

Турсунбек Клычбаев: Бут тосуу болгон эмес деп айта албайм. Кремний өндүрүшү боюнча лидер өлкөлөр: “Кыргыздар өндүрүштү жасай алышпайт, бирок,  Прохоров ишти алып кетет” деп ойлошкон. Менимче, мына ушундан коркушкан. “Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөнү башкарат” деген сөз бар. Маалымат деген эмне? Ал  – электроника. Тагыраагы —  чиптер. Азыр бир мүнөттө Америкадан маалымат алып жатабыз. Ошол убакта мен кремнийди иштетүү жана колдонуу боюнча Эл аралык Ассоциациясынын мүчөсү элем. Анын штаб-квартирасы  АКШнын Калифорния шаарында эле. Ошол убакта академик  А.М. Прохоров өзүнүн командасы менен жарым кристаллдык кремнийди өндүрүү боюнча “жабык” цикл (“замкнутый” цикл) технологиясы аркылуу жетишкени дүң кабар болуп, кремний чыгаруудагы дүйнөлүк адистердин шаштысы кетип, “Кристалл” заводунун ишине ыкчам тоскоолдук жаратууга өтүштү. Ошол максатта алар Жапония, Малайзия, Оман жана башка өлкөлөр Кыргызстанга атайын өзүлөрүнүн адистерин жиберишип, жаңы технология (“жабык” цикл) аркылуу кремний өндүрүү ишин токтотууга аракет кылышты. Бул, албетте, кадимки эле кыянаттык атаандашуу!..

Кремний өндүрүшүнүн келечеги

Кабарчы: Кыргызстанда кремнийди  өндүрүү үчүн жетиштүү запас барбы?

Турсунбек Клычбаев: Таш-Көмүрдүн тоолорунда кварциттин запасы көп. “Кыргызэлектроника” корпорациясын жетектеп турганда республиканын аймагында 340 млн. тонна кварциттин запасы бар экенин аныктаганбыз. Мисалы: Талас өрөөнүндө – Балажан, Өтмөк, Жалал-Абад өрөөнүндө – Мазарсу, Жоң-Бакан, Авлатөр, Жаңы-Жол ж.б.

Кабарчы: “Кристалл”заводунун абалы азыр кандай? Аны жандандырууга болобу?

Турсунбек Клычбаев: Адис катары бийлик тараптан заводду ишке киргизүү боюнча сурашкандар болду. Бүгүнкү күндө “Кристалл” заводун калыбына келтирүүнүн зарылчылыгы жок. Жаңы заводду куруу зарыл. Мага келген балдарга: “Ошол заводдун жанында жетиштүү жана ыңгайлуу жер бар. Ошол жерге жаңы завод куралы” деп  айткам. Долбоорлор даяр, буга бийликтин гана саясый эрки керек. Анткени, Кыргызстанда техникалык кремний,  мультикремний, монокремний бар. Бизде техникалык кремний өндүрө турган заводду иштетүүгө аракет  кылган балдар бар. Мурда бул продукцияны Норвегиядан ташып келишчү. Монокремнийди Орловкадагы завод чыгарат. Ушул продукциядан чип, күн энергиясын кабыл алган пластиналарды чыгарса болот. Кыргызстан мына ушундай продукцияларды чыгарууга өтө ыңгайлуу өлкө катары таанылган учурунда.

Карыбай Турусбеков: “Кристалл” акционердик коому түзүлгөн жылдардын ичинде чет элдик инвесторлорго төрт жолу сатууга жана модернизациялоого коюлуп, колдон-колго өтүп келди. Заводдун иштеп кетишине күйгөн эч ким болгон жок. Баары эле менчикке чыгарып алууну ойлошту, бирок ага акылы жетпеди. Турсунбек Баевич Таш-Көмүрдөгү заводдун жанынан жер алып, инвестор тартып, кремний өндүрүшүн жолго салууга аракет кылып келатат. Бу киши Кыргызстан кремний өндүргөн дүйнөдөгү төрт өлкөнүн сабына кирүүсү үчүн өз өлкөсүн Силикон өрөөнүнө айлантууга жан үрөп  келет. Бирок бийлик тарап Турсунбек Баевичтин демилгесин түшүнбөй жатат окшойт. Мисалы, акыркы 5 жылдын ичинде Кытайда Орусия мамлекетинин “Гиредмед” илим изилдөө институтунун жетекчилигинин алдында “жабык”-цикл технологиясынын негизинде үч заводду ишке киргизүү процессине катышты. Азыркы учурда орустар өзү курган ошол заводдор чыгарган жарым кристалл кремнийден өзүлөрүнө керектүү күн энергиясынын модулун жана электрондук чиптерди да иштеп чыгарууга жетишишти.

Кабарчы: Сиз ушул тармактын кесипкөй адиси экенсиз. Ири заводдорду курууга жардам берипсиз. Эмне үчүн өзүңүз инвестор тартып көргөн жоксуз?

Турсунбек Клычбаев: Устатым Прохоровдун аракети жөнүндө жогоруда сөз болду. Чынында ага мүмкүнчүлүк беришпей койгон. Бирок ага карабастан Россиялык инвнсторлордун жардамы менен “Дельта Индастриал” ишканасын түзүп, Кытайдын Ченду шаарынын этегинде техникалык кремний чыгаруучу заводдун документациясын иштеп чыгып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн жердин курулуш иштери башталганда, тилекке каршы, инвесторлордун күтүүсүз каражатсыз калтырышы ишти токтотууга аргасыз кылып койду. Акырында “Алтайхимпром” менен сүйлөшүүлөрдү баштаганда чоңдор “шапкасын” сурап туруп алышты окшойт. Ошону менен алар дагы кетип калышты.

Анан эми Турусбек Карыбаевич сөз кылып жаткан  “Гиредмед” мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту тууралуу ата турган болсом, ал «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын курамындагы сейрек металлдардын, алардын кошулмаларынын жана эритмелеринин, жогорку тазалыктагы заттардын, жарым өткөргүч материалдардын, наноматериалдардын жана нанотехнологиялардын негизинде жаңы материалдарды иштеп чыгууга адистешкен уюму болуп саналат. Туура, Юрий Николаевич Пархоменконун жетекчилиги алдында “Гиредмед” институту Кытайда үч завод курууга жетишти. Ушул институт учурунда Орловкадагы, Таш-Көмүрдөгү заводдордун долбоорлорун даярдашкан. Эгерде, Кыргызстандын бийлигинин ушундай заводду курууга саясый эрки жетсе, аталган жаңы заманбап, калдыксыз продукция чыгарган  заводдун долбоорун даярдап береринен күмөнүм жок. Анткени, долбоордун авторлору менен көп жылдардан бери тыгыз байланышта кызматташып келатам.

Кабарчы: Кыргызстанда кремний өндүрүшүн жолго салуу учурдун талабы экен. Бийлик “Кристалл”заводунун мамлекеттин менчигине кайтарып алды. Эми кандай кадамдарга барышы керек?

Карыбай Турусбекович: Эң башкысы — ушул тармакты туура түшүнүү зарыл. Кыргызстан кремний өндүрүшүн жандандырууга көңүл бурса эч качан утулбайт. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшү үчүн болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет кылып жатпайбы. Бүгүнкү күндө бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын колдоо ар бирибиздин жарандык милдетибиз деп ойлойм.

Турсунбек Клычбаев: Азыр дүйнөдө жашыл экономикага артыкчылык бериле баштады. Президент дагы “Жашыл мурас” деп демилге көтөрүп жатат. Муну эмне үчүн айтып жатам? Буга байланыштуу биз эгерде жылына 3 миң тонна жарым кристалл кремний чыгара турган болсок, күн нурунан энергия алуучу 1 Гегаватт пластина чыгарып, жылына 3-4 млрд. доллар пайда тапсак болот. Бизде кварцит ташы, монокремний бар. Эч жактан сырье ташып келбейбиз. Ошондуктан жаңы завод курулушу керек. Анткени, кремний өндүрүшүнүн кайсы баскычында болбосун даяр экспорттук продукт болуп саналат. Же болбосо техникалык кремнийди экспорттоодон эле республиканын бюджетине көп киреше тапса болот.

Өзгөчө айта турган нерсе: Кыргыз мамлекетинин аймагында жайгашкан өзгөчө баалуу элементтердин бири – кремнийден жасалып чыгарылуучу улуттук жана стратегиялык мааниси зор жогорку деңгээлдеги технологиялык өнөр жайыбыз жана ишенимдүү коммуникациябыз мамлекетибиздин коопсуздук келечегин камсыз кыла алат деп ишенем.

Мына окурман, “Кристалл” заводунун кыйрашынын бир себебин аныктоого аракет кылдык. Эми жаңы заводдун курулушун тилеп, миллиарддаган киришени кыялданбай жок эле дегенде кунары учкан Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө өбөк болор ишкананын келечегине үмүт арталы. Анткени, завод ишке кирсе жумуш орундары пайда болуп, ички миграциянын токтошуна өбөлгө түзөр беле.

 

Маектешкен

Шекербек КАЛЫКОВ

№24 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 29-марты

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!