"Эркин-Тоо"

«Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директору «Манас» аэропортунан кармалды

“Кумтор Голд Компани” ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды. Маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Мекемеден билдиришкендей, ал 14-январда «Манас» аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалып, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына алып келинген. Курманов соттун чечиминин негизинде Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Курмановго издөө жарыяланган болчу.

Маалымат үчүн: 2022-жылы Башкы прокуратура «Кумтөр» ишканасын текшере баштаган. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгон. 13-сентябрда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!