"Эркин-Тоо"

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу. Уландысы.

Байпак
Эгер жыты жаман байпак кийип жатскан болсоңуз анда сиз туура эмес жашоодо жашап жатасыз. Эгер байпак көрсөңүз башка улуттагы аял менен таанышасыз.

Носорог
Кадыры бийик адам менен таанышасыз. Андан сиз көп пайда табасыз. Эгер носорогду минисп алган болсоңуз сиз кадыр баркка ээ болосуз.

Түн
Жайчылыктан кабар берет. Жаратканга ибадат кылууну да билдирет. Кээ бир аалымдар түндү жамандыкка жоорушат.

Канаттын бир мамыгы же канат
Байлыктан аян берет. Кадыр баркыңыз өсөт. Эгер сизге канат өсүп чыкса, бай болосуз.

Жип
Жип диний билимди билдирет. Эгер сиз жипти карманып турсаңыз диний билим аласыз. Эгер жипке асынган тейде каза тапкан болсоңуз, анда мусулман болуп анан каза табысың деген аян.

Тарак
Илим менен билимди билдирет. Көп учурда кубанычтын белгиси болот. Тарак акыйкат адамды ад билдирет.

Коңурук
Көп ойлонуудан кийин баары жайына түшөт. Жайчылык. Негизи уктап кетүү жайчылыктан кабар берет.

Казына
Казына каржылык жактан чыгым тартып турган адамдын түшүнө кирет. Же үйдүн кожейкесин билдирет.

Арыктоо
Адамдын арыкташы жакшылыкка эмес.

Уландысы бар…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!