Кыргыз депутаттары түрк дүйнөсүнүн форумуна катышты

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Бактыяр Калпаев жана Медер Чотонов Түркиянын Анкара шаарында өткөн «Түрк дүйнөсүнүн жаш парламентарийлеринин жолугушуусу» аттуу эл аралык форумга катышты.

Форумдун алкагында кыргызстандык депутаттар бир катар панелдик сессияларда сөз сүйлөп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштардын ролун жогорулатуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин көтөрүштү.

Тактап айтканда, депутат Дастанбек Жумабеков «Түрк жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен карьералык баарлашуулар» аттуу панелдик сессияга төрагалык кылды. Ал мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттердин ролу тууралуу баяндама жасады.

Эл өкүлү мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, эл аралык милдеттенмелерди шайкеш келтирүү жана парламенттик дипломатияны өнүктүрүү өлкөлөрдүн экономикалык жана инвестициялык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын парламенттери көп жылдан бери жигердүү кызматташып келе жатканын айтып, анын ийгиликтүү мисалдарынын бири катары Кыргыз-Түрк «Манас» университетин атады. Мындан тышкары транспорт, энергетика, билим берүү жана экология тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Ал эми депутат Бактыяр Калпаев «Түрк кызматташтыгынын келечеги жана жаштардын ролу» аттуу панелдик сессияда сөз сүйлөдү.

Ал жаштар өлкөлөрдүн келечегин гана эмес, бүгүнкү саясий, экономикалык жана коомдук өнүгүүсүн да аныктаган маанилүү күч экенин белгиледи. Ошондуктан жаштарга сапаттуу билим алуу, жумушка орношуу, кесиптик жактан өсүү жана мамлекеттик башкарууга катышуу үчүн шарт түзүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин жана Жаш адистер мектебинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, мыйзам чыгаруу органы менен жаштардын байланышын бекемдөө боюнча сунуштарын ортого салды.

Өз кезегинде депутат Медер Чотонов жаштардын эл аралык уюмдардын ишине, парламенттер аралык жолугушууларга жана дипломатиялык иш-чараларга катышуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал бул багыттагы кызматташтыкты ТүркПАга мүчө мамлекеттердин ортосунда өнүктүрүүнү сунуштады.

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 144
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X