Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болгон Омар Ливаза менен Ихтияр Нишанов өлкөгө кайтып келди. Аларды аэропорттон жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.
Мелдеште спортчу Омар Ливаза 63,5 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чейин жетип, күмүш медаль алды. Ал эми Ихтияр Нишанов коло байгенин ээси болду. Аларга чемпиондукта 150 миң доллар жана 75 миң доллар акчалай сыйлыктар берилди.

