Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын алдындагы театр мектеби-студиясы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан XXXV Эл аралык «Балтийский дом» театр фестивалына катышууда.
Быйылкы фестиваль 5–18-октябрь күндөрү «Күч кубат орду» урааны алдында өтүп, Бахрейн, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Индия жана Россиядан келген театр коллективдерин бириктирет.
Кыргызстандык жаш артисттер Липскеровдун чыгармасынын негизинде «Река на асфальте» жана Сергиенконун «Овраг» повестинин негизинде даярдалган «До свидания, овраг» спектаклдерин көрсөтүшөт.