"Эркин-Тоо"

Кыргыздардын келип чыгыш тарыхына жаңы көз караш

Тарыхый тактоолор жана табылгалар

Кыргыздар Борбордук Азиянын эң байыркы эли дегенибиз менен элибиздин көөнө тарыхынын көптөгөн барактары али ачыла элек. Евразия мейкининде изи кумдай чачылган кыргыздардын байыркы тарыхы дагы эле белгисиз бойдон калууда. Кыргыздар тарыхта алгач “гэгунь”, “гяньгунь” деген атта белгилүү болушкан. Хуннулардын императору Модэ шаньюй гегундардын ээлигин (кыргыздардын мамлекетин) б.з.ч. 201-жылы басып алгандыгы жөнүндө маалымат бар. Бирок, ал мезгилде кыргыздар кайсы жерлерди байырлап тургандыгы жөнүндө маалымат жок. Андан кийин кыргыздарды Батышка журт ооштургангунндар менен кетип, кайра келген деп да коюшат. Мына ушундай чиеленишкен сырдуу тарыхты чечмелөө үчүн биз бүгүн тарых илимдеринин кандидаты, доцент Табылды Акеров менен маек курмакчыбыз. Ал өзүнүн “Усуни-кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии” аттуу көлөмдүү китебинде элибиздин тарыхын изилдеп, көптөгөн суроолорго жооп табууга аракет кылган. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!