"Эркин-Тоо"

«Кыргызкоммерцбанкта» жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргызкоммерцбанктын» директорлор кеңешинде 2023-жылдын 10-мартында Айжан Мусина башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп шайланган. Бул тууралуу бир жарым айдан кийин гана — 30-апрелде Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүнөн белгилүү болду.

Айжан Мусина – 1993-жылдан 2012-жылга чейин Казакстандын банктарында иштеген, андан кийин 2012-жылы БТА Банктын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болгон.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын январь айында бул кызматка шайланган Мирвета Воинце «Кыргызкоммерцбанктын» башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. 2023-жылдын 7-мартында директорлор кеңешинин чечими менен ал кызматынан бошотулган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!