Кыргызстан балдарды эрте өнүктүрүү багытында ЭСКАТО менен кызматташат
Бангкок шаарында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана менен жолугушту.
Жолугушууда адамдык капиталды өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүү жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо маселелери талкууланды.
Министр Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, бала бакчалардын жаңы түрлөрүн өнүктүрүү жана бул тармакка жеке секторду тартуу боюнча жүргүзүп жаткан реформалары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында акыркы жылдары балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу көбөйгөн.
Ошондой эле бала бакчаларды курууга ишкерлерди тартуу, аларга жер тилкелерин берүү жана ваучердик механизмдерди киргизүү боюнча иштерге токтолду. Бул чаралар мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын, анын ичинде аймактарда көбөйтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, Догдуркүл Кендирбаева баланын өнүгүүсүндө үй-бүлөлүк тарбиянын маанилүүлүгүн белгилеп, ата-энелердин балдарды эрте жаштан тарбиялоого активдүү катышуусу зарылдыгын айтты.
Тараптар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдерди даярдоо жана колдоо, насаатчылык, окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүү маселелерин да карашты. Мындан сырткары, санариптик көндүмдөрдү жана аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.
Жолугушууда жакырчылыкты кыскартуу, социалдык коргоо, климаттын өзгөрүшү жана суу көйгөйлөрүнүн үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлине тийгизген таасири да сөз болду.
Өз кезегинде ЭСКАТОнун аткаруучу катчысы Кыргызстандын адамдык капиталды өнүктүрүү багытындагы аракеттерин жогору баалап, балдарды эрте өнүктүрүү жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.