"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары тынчтык протоколуна кол коюшту

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.С. Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында кечке маал жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республиканын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-жана 16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

Протоколго кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, тажик тараптан Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С. Ятимов кол койду.

Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!