Кыргызстан менен Түркия кызматташтыкты талкуулады

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (КОМСЕК) министрлер деңгээлиндеги 42-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолугушту.

Жолугушууда Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жана экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун саламын жеткирди.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча Кыргызстандын пикирин жана ниетин билдирди.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X