Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди. Кыргызстандын атынан ага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады. Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык KITS 2022 туристтик иш-чарасы кечээ жыйынтыкталды.
Делегациянын курамында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жана ата мекендик туроператорлор болгону айтылды.
Калыстар сынына коюлган өлкөнүн экспозициясы абдан кызыктуу жана маалыматы көп деп табылган.