Бүгүн, 13-декабрдан тарта Кыргызстанда айрым жолдор унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин төмөнкү унаа жолдор бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды:
— Ысык-Көл облусундагы Түп-Кеген унаа жолунун Каркыра бөлүгү;
— Ысык-Көл облусундагы Боз-Шахта-Жыргалан 13-15 км бөлүгү;
— Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк-Ашуусу;
— Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда тазалоо иштери жүрүүдө.
Ал эми төмөнкү жолдордо оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди:
— Бишкек-Ош унаа жолунун 82 км бөлүгү (Сосновка посту);
— Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолундагы Чыйырчык ашуусу.
«Аба-ырайынын шартына байланыштуу унаа жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө сөзсүз алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрдү алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

