Кыргызстанда грипптен сактануу канча турат?
Кыргызстанда сезондук сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Жеке медициналык борборлордо вакцинанын баасы 450 сомдон 1100 сомго чейин жетет. Ал эми жарандардын айрым категориялары акысыз эмдөөдөн өтө алышат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Эмдөө өнөктүгү үчүн министрлик 63 миң 734 доза «Гриппол+» вакцинасын сатып алган. Мындан тышкары, дагы 100 миң доза вакцина алып келүү күтүлүүдө.
Акысыз эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тобокелдик тобуна кирген жарандарга жүргүзүлөт. Алардын катарына 65 жаштан жогорку курактагы адамдар, кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорулары бар бейтаптар, бат-баттан ооруган балдар жана медицина кызматкерлери кирет.
Калган жарандар акы төлөп, жеке медициналык мекемелерден эмдөөдөн өтө алышат.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда 12 жеке медициналык мекемеде вакцина алуу мүмкүнчүлүгү бар. Алардын катарында «Кроха», «Малыш», «ЦАДМИР», «Поликлиника-312», «Интермедикал», «Комфорт Медик», «Эдельвейс», «Клиника 21», «Авиценна», «Чипенко», «Мама Доктор» жана «Аллерго Эксперт» бар.
Вакцинанын баасы медициналык мекемеге жараша 450 сомдон 1100 сомго чейин өзгөрөт.
Саламаттык сактоо министрлиги сезондук сасык тумоонун алдын алууда, өзгөчө оорунун татаалдашуу коркунучу жогору адамдар үчүн эмдөө маанилүү экенин эскертет.
Мындан тышкары, Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) боюнча ата-энелерге кеңеш берүүчү атайын байланыш борборлору иштеп жатат. Адистер оорунун алгачкы белгилери байкалганда аралыктан кеңеш берип, кайсы учурда кошумча текшерүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгын түшүндүрүшөт.