Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык жуктургандардын саны 6 545 адамга жетти. Бул тууралуу маалымат Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий сайтына жарыяланды.
Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында. Эң аз учур Нарында катталып, аймакта илдетти жуктургандар 72 адамды түзгөн.
Балдар жана чоңдордун эмдөөдөн баш тартканы оорунун тарашынын негизги себеби катары белгиленген.