"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Жогорку окуу жайларга кайра тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) Жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругу чыкты.

Маалыматка караганда, жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн каттоо онлайн режимде 17-27-октябрь аралыгында жүргүзүлөт.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы, орто же кесиптик орто билими бар жана 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет. Кышкы кабыл алуу аркылуу жогорку окуу жайга тапшырууну көздөгөн абитуриенттер келишимдик негизде гана окуй алышат.

Быйыл июндун аягында Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга жылына эки ирет кабыл алуу баштала турганын жарыялаган. Муну менен министрлик билим сапатын жогорулатып, окуу жайлардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууну көздөй турганын билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!