Кыргызстандыктар Францияда 8 айга чейин иштей алышат
Франция кыргызстандыктарды 6–8 айлык мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, жакында Франциянын миграция кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетишкен. Учурда тараптар сезондук жумушка орноштуруунун шарттарын жана тиешелүү келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.
Сунушталып жаткан механизм Улуу Британиядагы сезондук жумушка орноштуруу программасына окшош болушу мүмкүн.
Кудайбердиев белгилегендей, азырынча программанын акыркы шарттары аныктала элек.