Кыргызстандын кооздугу Лондондо таанытылууда
Лондондо дүйнөдөгү ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири — World Travel Market (WTM) London 2026 башталды. Анда Кыргызстан өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аудиторияга тааныштырууда.
Көргөзмөнүн ачылышына Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Омар Султанов жана Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Малика Молтоева катышты.
Кыргыз делегациясы улуттук стендде өлкөнүн кооз жаратылышын, маданий мурастарын жана туристтик багыттарын тааныштырып жатат.
Иш-чарага катышуу эл аралык туристтик компаниялар менен байланыш түзүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик рынокто таанытууга багытталган.