"Эркин-Тоо"

Кышкы ЖРТга катышуу үчүн 978 адамдан билдирүү түштү

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышуу үчүн 978 адамдан билдирүү түштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, тестирлөөгө катталгандардын саны бүгүн кечинде белгилүү болот.

“Учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн арыздар келүүдө. Бирок кээ бир документтердин жоктугунан же жетишсиздигинен айрым арыздар кабыл алынбай калышы мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлдү. Ал эми кошумча каттоо 25-ноябрда жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө, мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине уруксат берилбейт. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!