Кытайдын түштүгүндө жайгашкан Гуандун провинциясында чикунгунья вирусунун тез жайылышына байланыштуу санитардык чектөөлөр күчөтүлдү.
Маалыматка ылайык, оору алгач он миллион калкы бар Фошань шаарында катталган. ВВС агенттиги билдиргендей, июль айынан бери бул жерде 7 миңден ашуун бейтап аныкталган.
Чикунгунья вирусу — чиркей аркылуу жугуучу жугуштуу дарт. Аны жугузган адамдар дене табынын көтөрүлүшүн, муундардагы ооруну жана алсыздыкты сезишет. Учурда Фошань шаарындагы ооруканаларда бейтаптарды чиркейлерден изоляциялоо үчүн торчо жабылган керебеттерге жаткырып, бир жума бою же анализи таза чыкканга чейин көзөмөлдө кармоодо.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, ооругандардын 95%ы 7 күн ичинде айыгып чыгып, көпчүлүк учурда дарт жеңил өтүүдө.
Азыркы тапта Кытай бийлиги COVID-19 пандемиясында колдонулган ыкмаларга окшош санитардык жана көзөмөл чараларын көрүүдө.