"Эркин-Тоо"

Кыямдын пайдасы жана зыяны

Кыямдын курамы эмнеден турат? Чындап эле ал организмге пайдалуубу? Шекер кошуп кайнатылган кыямдын 100 граммында 285 кило каллорий болот. А биз мисалы, 1 саат тынбай чуркаганда 150 килокалорийди эле жок кыла алабыз.

Ушул эле өлчөмдөгү кыямдын курамында 0,4 грамм белок, 0,1 грамм май жана эң кызыгы 74 грамм углевод бар! Демек, биз сүйгөн мөмө жемишти шекерге чылаганда анын пайдалуу заттары толук жок болуп, ордуна организмге көп өлчөмдө керек эмес углевод эле калат. Углевод организмде дароо май бүртүкчөлөрүнө айланып, кан-тамырга толо берет да жүрөк, давление сыяктуу ооруларга жол ачат, ашыкча салмак келип чыгат. Вареньенин дагы бир зыяндуу жагы — тиштин эмалын талкалайт. Ошентсе да үйдө жасалган вареньеде көп пайдалуу заттар да бар. Темир, магний, фосфор, марганец, калий, кальций, антиоксидант кычкылдары, С витамини… Чычырканак, малинанын вареньнесинде дал ушул заттар аябай көп. Карагат, ежемалинада да антиоксиданттар толтура. Бирок баарын ченеми менен жеген дурус

Мындай таттуу нерселерди түшкө чейин, метаболизм жакшы иштеп турган маалда жеген жакшы, организмге тезирек сиңип, пайдасы көп болот.

Вареньенин кайсы түрү эмнеге пайда?

Цитрус өсүмдүктөрүнөн жасалган кыямда аскорбин кычкылы көп болот, суук тийип же грипп болуп калганда пайдалуу.

Бий алманын (айва) вареньеси тамакты жакшы сиңирет, кан басымды түшүрөт.

Чычырканакта С витамини аябай көп. Чайга салып ичсе тамакты жакшы сиңирет, чычырканактын майы ашказандагы гастрит сыяктуу жараларга да жакшы, антисептикалык жардам берерин дарыгерлер айтышат.

Малинанын кыямында табигый парацетамол, аскорбин кычкылы жана аспирин бар. Сасык тумоонун сонун дарысы.

Жаңгактан жасалчу өзгөчө кыямда йод аябай көп, богок бези, йод жетишсиздигине миңдин бири.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!