"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Статистика

Кызамыктын жайылышы басаңдай баштады (статистика)

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы турукташып, июнь айынан тарта жаңы учурлардын саны азайып келе жатат. 1-июлдан 15-июлга чейин кызамыктын 109 жаңы учуру катталды. Бул көрсөткүч оорунун жайылышынын басаңдай баштаганын айгинелейт.

Жалпысынан 2025-жылдын 15-июлуна карата республика боюнча кызамыктын 8672 тастыкталган учуру катталды. Алардын басымдуу бөлүгү — жаш курактагы балдар. Атап айтканда:

  • 1 жашка чыга элек балдар – 2646 учур (31%);

  • 1 жаштан 4 жашка чейинкилер – 3254 учур (38%);

  • 5 жаштан 9 жашка чейинкилер – 1393 учур (16%).

Ооругандардын 94 пайызы эмделбеген балдар экендиги белгиленүүдө. Алардын ичинен:

  • 44% – ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан;

  • 31% – жаш курагына байланыштуу эмдөөдөн өтө элек;

  • 8% – медициналык себептерден улам эмдөөдөн бошотулган.

Бул сандар кызамык биринчи кезекте вакцина менен корголбогондорго жугуп жатканын тастыктоодо. Ошондуктан, дарыгерлер эмдөө бул жөн гана тандоо эмес, бул балдардын жана жалпы эле өлкөнүн ден соолугун коргоо үчүн зарылчылык экенин баса белгилешүүдө.