"Эркин-Тоо"

Кызыл-Кыя шаарында окууга тартылбай калган эки өспүрүм аныкталды

Кызыл-Кыя шаарынын аймагында балдар арасындагы укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу, турмуштук оор кырдаалга кабылган, окууга тартылбай калган жана оор жумуштарда иштеген балдарды аныктоо максатында шаар аймагындагы автоунаа жуучу жайлар, кафелер, ресторандар жана балдар көп чогулган жайлар текшерүүгө алынды. Андан сырткары, билим берүү мекемелеринде окуучуларга лекциялар окулуп, алдын алуу иштери өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн балдар аныкталып, ата-энесинин катышуусунда түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесинин негизинде эки ата-энеге протокол түзүлүп, окууга тартылбай калган эки өспүрүм аныкталып, тийиштүү материалдар чогултулуп, балдар менен иштоо комиссиясына жиберилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!