"Эркин-Тоо"

Лейлекте жарандарга коопсуздук үчүн дүкөндөргө видеокамераларды орнотуу сунушталды

Лейлек РИИБдин милиция кызматкерлери Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушуга эле катар, бул айыл аймакта жайгашкан дүкөндөрдү кыдырышып, сатуучулар менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү. 6 дүкөндүн ээлерине эскертүү актылары толтурулуп, дүкөндөргө видеокамераларды орнотууну сунушташты. Дүкөндөргө видеокамераларды орнотууну менен кылмыштарды бетин ачууга жана окуяларды алдын алууга мүмкүнчүлүк болоорун түшүндүрүштү.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!