"Эркин-Тоо"

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого документтерди кабыл алуу бүгүн аяктайт

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу бүгүн аяктайт. Бул тууралуу Боршайком эскертет.

Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат. 28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.

Эске салсак, аталган округдардан парламентке келген депутаттар жазган арыздарына ылайык мандатынан ажыратылгандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!