"Эркин-Тоо"

Мамкурулуш: Чек арадагы талкаланган объектилер тез арада калыбына келтирилет

Чек ара чырында талкаланган турак үйлөр, социалдык обьектилер тез арада калыбына келтирилет.

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун директору Жетыбаев Нуртазин  Баткен облусуна болгон иш сапарында белгиледи.

Жетыбаев  Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү  Мамыржан Рахимов менен жолукту.

Жолугушууда 2022-жылдын 14-16-сентябрында тажик-кыргыз чек арасында чыккан чырда тажик тарабынан өрттөлгөн обьектилерди, турак үйлөрүн аз мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча маселеси каралды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!