"Эркин-Тоо"
№31 2021-ЖЫЛДЫН 6-АПРЕЛИ

МАМЛЕКЕТТИН КООПСУЗДУГУ САКТАЛАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө өлкөбүздүн түштүк регионуна иш сапары менен барды.

3-апрелде Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келип, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды. Өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Мамлекет башчысына 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад  облустарынын аймагында өткөрүлгөн машыгуулардын максаттары менен алардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

МАШЫГУУЛАРДЫН МААНИСИ ЧОҢ

Садыр Жапаров машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө конфликттик мүмкүнчүлүк курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылып бара жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы мындай шартта мамлекет[1]түүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жооп кайтаруу, өлкөбүздүн аймагында жана чек аралар[1]да конфликттик мүмкүнчүлүктү төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу маанилүү экендигин айтты. Коргоо министрлигинин күчү жана каражаты менен өткөрүлгөн машыгуулар республиканын аймагына мыйзамсыз кирген куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операция ишке ашырылды. Согуштук жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тап[1]шырмалар иштелип чыкты.

ЖЫЛ САЙЫН ӨТӨТ

 Машыгуулар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын ар кайсы облустарында өткөрүлүп турарын билдирип, айырмаланган аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Мындан сырткары, Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдун сертификатын берди. Андан соң машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу жүрүшү болду. Иш-чарага Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган. Садыр Жапаров аскер кызматкерлери менен талаа ашканасында түштөнүп, аскердик кызмат өтөп жаткандардын шарттарын сурап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

ӨНҮГҮҮГӨ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

Президент 3-апрелде Кара[1]Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салып, бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп[1]өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады. Ошондой эле аталган долбоорго ак батасын берген жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты. Кыргыз Республикасы үчүн «CASA-1000» долбоору энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат жана бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык[1]экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет, экспорттоого жол ачылат”, — деди Мамлекет башчысы.